Ирандын Тышкы иштер министрилигинин өкүлү Мохаммад Али Хоссейндин билдиргенине караганда, Тегеран сүйлөшүлөргө АКШ шийит согушкерлерине каршы операцияны токтоткондон кийин гана барат. Ирактын өкмөттүк күчтөрү жана АКШ аскерлери өлкөнүн ар кайсы райондорунда азыр шийит согушкерлерине каршы операция өткөрүүдө. Элчилер деңгээлинде америкалык жана ирандык дипломаттар Иракта коопсуздукту камсыз кылуу маселеси оюнча акыркы бир жылда үч ирээт жолугушуу өткөргөн.