Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, өлкөнүн батышчыл президенти Борис Тадич өлтүрүлөрү жөнүндө эскертүү алган. Мындай маалыматты өкмөт мүчөсү Младжан Динкич да ырастап, бирок чоо-жайын айткан жок. Жергиликтүү "Блик" гезитинин жазганына караганда, президент Тадич алган катта, ал Сербияны саткан адам катары, жасаган ишине татырлык акы алып, чекесине ок жээри айтылган. Серб улутчулдары президенти Евробиримдиктин көпчүлүк мүчөлөрү Косовонун көз карандысыздыгын тааныганына карабай, өлкөнү ага кошуу аракети үчүн айыптоодо. Ушул апта соңунда өтүүчү кезексиз парламенттик шайлоо Сербиянын мындан аркы өнүгүү багытын, Евробиримдик менен тыгыз алакада болор–болбосун аныктары күтүлүүдө.