Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Ооганстанда президентти өлтүрүү үчүн уюштурулган кутумга катышы бар деп шектелген өкмөттүк эки кызматкер камака алынды

Ооганстандын коргоо министри Абдул Рахим Вардактын билдиргенине караганда, камалгандардын бири – полициянын кенже медицина кызматчысы, ал эми экинчиси – Коргоо министрлигинин курал боюнча эксперти. Алар президент Хамид Карзайга 27-апрелдеги кол салууга катышкандарга колдоо көргөзгөн. Президент катышкан аскер парадды аткылоо учурунда Карзай аман калган, бирок башка үч адам өлгөн. Ооган чалгындоо кызматынын жетекчиси кутумдун уюштуруучусу деп «ал-Каиданын» Пакистандагы бөлүмүн күнөөлөгөн.
XS
SM
MD
LG