Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германиянын тышкы иштер министрлери өткөн аптада Иранды уран байытуу программасынан баш тартууга шыктандыруучу сунуштардын жаңы топтомун даярдаган эле. Иран Батыш өлкөлөрүнүн анын уран байытуу программасы өзөктүк курал жасоо максатын көздөйт деген кооптонууларын төгүндөп келет. Иран Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мохаммад Али Хоссейнинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, жаңы сунуштар азырынча аларга бериле элек.
Иран дүйнөнүн ири державаларынын анын өзөктүк маселе боюнча укугуна шек келтирген сунуштарына макул болбойт