Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Мьянмада бороон-чапкындын айынан каза тапкандардын саны 10 миңге жетиши мүмкүн


Мурдараак өлкөнүн расмий маалымат каражаттары өткөн дем алыш күндөрү орун алган урагандан 4 миңдей адам каза таап, дагы үч миңдей адам дайынсыз жоголгонун билдиришкен эле. Өлгөндөрдүн саны өсүшү мүмкүн экенин мамлекеттик сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн тышкы иштер министри айтты.

Эл аралык гуманитардык уюмдар табигый кырсыктан жапа чеккен аймактарга жардам жиберүүгө даярданууда. Улуттар уюмунун маалыматына караганда, жүз миңдеген адамдар үй-жайсыз, ичүүчү суусуз калды, айрым кыштактар толугу менен талкаланган. Ылдамдыгы саатына 190 чакырымга жеткен, бороон–чапкындан удам өлкө борбору - Янгонго жана анын айланасына да олуттуу зыян тийди. Миңдеген турак үйлөр бузулду. Көп аймактарда электр жарыгысыз жана тыш дүйнө менен байланышсыз калды.

XS
SM
MD
LG