Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Беларус АКШны тыңчылык менен алектенген деп күнөөлөөдө


Беларустардын ою боюнча мындай иш-аракеттери менен АКШ Беларусту бүлүндүргүсү келген. Минскинин мамлекеттик чалгындоо кызматынын же КГБнын расмий өкүлүнүн билдиришинче, АКШнын элчилиги 10 жергиликтүү жаранга акча төлөп, алардан саясий жетекчилердин, аэропорттордун жана мамлекеттик чегаранын жанында жайгашкан айылдардын сүрөттөрүн алып турган. Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин өкүлү Том Кейси маалымдагандай, айтылган сөздөр “далилсиз жана калп”. Жакында Минск 10 АКШ элчисин өлкөдөн чыгаруу буйругун берген. Буга чейин Америка Беларуска каршы экономикалык санкцияларды күчөткөн.

XS
SM
MD
LG