Бир нече бейөкмөт уюмдары буга байланыштуу иш-чараларды өткөрүүнү көздөп жатышат. “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын “Азаттыкка” айткан пикири боюнча өкмөт жана парламент энергетика тармагын менчиктештирүү кандай шартта жүргүзүлөрүн, менчикке берилгенден кийинки баалар, керектөөчүлөрдүн укугу жана башка маалыматтар менен коомчулукту кабардар кылууга тийиш. Жарандык коом өкүлдөрү бул багытта өкмөт менен бирдикте тегерек үстөл талкууларды, эксперттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө аракет кылмакчы. (ZKo)
7:15 Жарандык коом энергетика тармагын менчиктештирүүнү ачык-айкын жүргүзүүнү талап кылууда