Мындай пикирин ЖК агроөнөржай комитетинин төрагасы Жусупжан Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Чүйдөгү 100 миң гектар эгинди үшүк алып кеткен. Үшүктүн кесепетинен буудайдан 20 центнерден алынуучу түшүмдүн ордуна 5 центнер гана алынышы ыктымал. Айыл чарбаны көтөрүү үчүн мамлекет дыйкандарга көмөктөшүп, жер-суу салыктарын азайтуусу керек, дейт Жусупжан Жээнбеков. Кыргыз өкмөтү быйылкы 400 миң гектар жерге айдалган эгинден 800 миң тонна буудай алынарын бекемдөөдө. (ZKo)