Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

8:15 Акыйкатчынын Ысыккөлдөгү өкүлү жаңыланат


Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Акыйкатчынын Ысыккөлдөгү өкүлү кийинки жумада алмаштырылмакчы.
“Облустардагы өкүлдөрдү алмаштыруу демократиялык нукта жүрүп жатат. Биз бардык жерде эл менен жолугушуу өткөрүп, талапкерлерди элдин сынына коюп, анан дайындап атабыз. Буга чейин мындай болгон эмес” дейт Турсунбек Акун. Буга чейин Акыйкатчынын Нарын, Ош жана Жалалабат облустарындагы өкүлдөрү алмаштырылган.
Укук коргоочу Турсунбек Акун Кыргызстандын Акыйкатчылыгына президенттин сунушу менен парламент аркылуу эки ай мурун шайланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG