Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:16

Кытай президентинин Жапонияга болгон расмий сапары башталат


Кытайдын президенти Ху Цзиньтао бүгүн 5 күндүк расмий сапары менен Жапонияга барат. Акыркы он жылдыкты алганда Кытай лидери Жапонияга биринчи жолу сапар тартууда. Ху Цзиньтао жапон премьер-министри Ясуо Фукуда менен соода, коопсуздук жана энергия менен камсыз кылуу маселелерин талкуулайт. Кытай президенти бул жолугушуу менен эки өлкөнүн ортосундагы “достуктун түбөлүктүү жылуу жазы” башталаарынан үмүт этээрин билдирди. Кытай Жапониянын ири экономикалык өнөктөшү болгону менен, эки өлкөнүн мамилелери Жапониянын тарыхындагы согуштук аракеттеринен улам кээде чыңалып турат.

XS
SM
MD
LG