Бул тууралуу АКШ элчилигинин маалымат кызматы “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык АКШ президенти Ж. Буш Американын Кыргызстандагы элчиси катары Татьяна Гфёллер-Волкофдун талапкерлигин Сенатка көрсөттү. Бул айым жыйырма беш жылдан бери дипломатиялык кызматта тажрыйба топтогон. Учурда Татьяна Гфёллер-Волкоф АКШнын Санкт-Петербургдагы Генералдык консулунун орун басары. Ал эми буга чейин АКШнын Сауд Аравияда Генералдык консулу, Американын Бахрейн, Бельгия, Польша жана Түркмөнстандагы дипломатиялык иштеринде ар кандай кызматтарда иштеп келген. (ESu)