Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:19

13:29 Ф.Кулов: Өлкө энергетикалык кризисти баштан кечирип жатканда четте карап туруу патриоттук эмес


Мурдагы премьер-министр ушундан улам чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү сунушу менен президентке кайрылып, ал колдоо тапканын бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Феликс Кулов ошондой эле опползиция өкүлдөрү тарабынан айтылган сын-пикирлерди четке кагып, бул жерде эч кандай жеке кызыкчылыгы жок экенин, жаңы түзүлгөн дирекция инвестиция тартуу менен гана алектенээрин, энергетика тармагын менчиктештирүүгө катышпастыгын айтты. “Кыргызстанда электр кубатын өндүрүү сууга көз каранды, ошондуктан биз альтернативалуу жолдорду карап жатабыз, кичи ГЭСтер экономдуу жана чоң кубаттуулукка ээ” деди Феликс Кулов. 2-майда президенттин жарлыгы менен чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясы түзүлүп, анын башчылыгына Феликс Кулов дайындалган.(SM)

XS
SM
MD
LG