Бул тууралуу “Азаттыкка” Ишенбай Кадырбековду коргоо комитетинин Нарындан Бишкекке келген өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, учурда Кадырбековду камактан бошотуу талабы менен 2 миңге чукул кол топтолгон. Бишкектин Ленин райондук соту 26-майда Кадырбековдун камакка алынышы боюнча маселени карап, аны убактылуу тергөө абагында 10 күн кармоо чечимин чыгарган. Бул мөөнөт бүгүн аяктагандыгына байланыштуу эми сот буга кайра кайрылышы керек. Ишенбай Кадырбеков болсо учурда ден соолугуна байланыштуу Улуттук кардиология борборунда дарыланып жатканы кабарланууда. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековго каржы полициясы аталган кызматта тургандагы иштери боюнча Эсеп палатасынын иликтөөсүнүн негизинде кылмыш ишин козгоп, ал 25-майда камакка алынган эле. Айрым саясий ишмерлер болсо анын камалышын саясий куугунтук катары баалашууда.(SM)
13:57 Ишенбай Кадырбековдун тарапкерлери анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда