Жапониянын Каназава шаарында оор атлетика боюнча Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү Азия чемпионатынын мөрөй талашуулары жыйынтыкталды. Бул Бээжинге жол ачуучу Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын Султан Молдодосов, Бекзат Осмоналиев, Кутман Молдодосов, Камбар Токтоналиев, Замирбек Ашырбаев, Улан Молдодосов, Искендер Момунбеков жана Алексей Дудин коргоду. Натыйжада Кыргызстандын намысын коргогон Азиянын эки жолку чемпиону Улан Молдодосов 1 күмүш, 2 коло медалды утуп алды. Жапониядан Бишкекке келээри менен “Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде Улан Молдодосов Бээжин олимпиадасында негизги атаандаштары ирандык, түркиялык, кытайлык, кореялык, болгариялык, катарлык, казакстандык жана европалык балбандар болорун белгиледи. “Бээжинде байгелүү орунга жетүү үчүн кытайлыктар менен же болгарлар менен бирге машыгуу натыйжа берет эле”, - дейт У. Молдодосов. Бул кыргызстандык спортчулардын Бээжин олимпиадасына катышуу үчүн жан үрөп жеңип алган он бешинчи жолдомосу. Буга чейин: эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору Базар Базаргуриев, Алексей Крупняков жана Арсен Гитинов, грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев, суучулдар Юрий Захаров менен Василий Данилов, Азиянын эки жолку чемпиону, велоспортчу Евгений Ваккер, бийиктикке секирүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Татьяна Ефименко менен марафончу Юлия Архипова, таэквондо боюнча Расул Абдураим, эл аралык бокс чебери Асылбек Таласбаев, мылтыктан ок атуу спорт чебери Руслан Исмаилов жана фехтование боюнча Сергей Кочурин, дзюдодон Елена Проскуракова Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, даярдык көрүп жатышат. (ESu)