Бул жөнүндө “Ата мекен” партиясынын Ош облустук жетекчисинин орунбасары Төлөгөн Келдибаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында оппозициялык саясий уюмдун лидери оштук партиялаштарына өлкөдөгү саясий кырдаал туурасында маалымат берип, жер-жерлерде май, июнь айларында конференциялар өткөрүлүп, уюмду күчтөндүрүү аракети жасалаарын кошумчалап, бир катар суроолорго жооп кайтарды. Жергиликтүү талдоочу Асанбек Каракозиев “Ата мекен” айыл-кыштактардагы баштапкы уюмдарын жандандырмайынча келерки парламенттик жана президенттик шайлоодо утаары күмөн деп эсептейт. (АТо)
19:12 “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Ошто партиялаштары менен жолугушту