Түркмөнстанда президент Гурбангулу Бердимухаммедов 9-майдагы жеңиш күнүн утурлай абактагы 900 адамга мунапыс берүүнү караган жардыкка кол койду. Мамлекеттик "Нейтральный Туркменистан" гезитинин бүгүн жазганына караганда, мунапыс алуучулардын көбү былтыр жана быйыл эле соттолгондор. Бул - 2006-жылдын декабрында мурдагы президент Сапармурад Ниязов көзү өткөндөн кийин бийликке келген Гурбангулу Бердымухаммедовдун тушунда берилип жаткан төртүнчү мунапыс.