Окуя Ооганстан менен чектеш Банну шаарчасында болду. Полициянын маалыматына караганда, мотоцикл айдаган жанкечти өзүн аскерлердин көзөмөл бекетинин жанында жардырып жиберди. Азыр Пакистандын жаңы өкмөтү ушул окуя болгон, исламчыл жана талиб согушкерлери жашырынып жүрөт делген бул чөлкөмдөгү уруулардын аксакалдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Бирок ал азырынча жыйынтык бере элек. Буга экинчи тараптын аймактан өкмөттүк аскерлер чыгарылып кетишин талап кылышы жолтоо болгондой.