Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Барак Обама Түндүк Каролинада жеңип, Хиллари Клинтон Индианада алдыда


Америкалык маалымат каражаттарынын жазганы боюнча, Түндүк Каролинада өткөн сынамык шайлоолорду Барак Обама жеңди. Буга чейинки маалыматтарга караганда сенатор Хиллари Клинтон Индиана штатында Обамадан озгон.
Азыр сенатор Барак Обама атаандашы сенатор Хиллари Клинтондон бир аз артыкчылыкка ээ. Ушул эки штатта жеңишке жеткен шартта Клинтон өз шайлоо өнөктүгүн сактап кала алат, ал эми Барак Обаманын жеңиши иш жүзүндө аны жарыштан чыгаруусу мүмкүн. Республикалык партия болсо өз талапкерин аныктаган. Ал сенатор - Жон МакКейн. Быйыл ноябрдагы президенттик шайлоодо ат салышуучу талапкерлер эки партиянын ушул жайда өтүүчү жалпы улуттук курултайларында расмий бекитилиши керек.

XS
SM
MD
LG