Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

8:15 Бүгүн Бишкекте ишкерлердин эл аралык 2-конгресси өз ишин баштайт


Ишкерлердин эл аралык конгресси түрк тилдүү мамлекеттердеги ишкердүүлүктү өнүктүрүү максатында уюштурулууда. Анда кыргыз жана түрк ишкерлеринин бетме-бет баарлашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүгүн түзүлмөкчү. Анда ошондой эле ийгиликтүү ишкерликтин сырлары, жаш ишкерлер кеп-кеңештер айтылат. Жыйынга Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер, Түркиянын соода жана өнөр жай палатасынын жетекчиси Абдуллах Чынар жана Адана өнөр жай палатасынын башчысы Үмит Өзгүмүш бир катар ишкерлер менен келип катышат.
Андан тышкары экономикалык түзүлүштүн, коомдук маданияттын жана мыйзамдуулуктун ишкердүүлүккө тийгизген таасири, ишкердүүлүк жана коом деген сыяктуу башка маселелер да каралат. Ишкерлердин эл аралык конгресси 7-майдан 10-майга чейин уланат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG