Бишкектеги “Спартак” стадионунда Чакырык кубогунун таймаштарында “С” тобунда Кыргызстандын командасы Ооганстандан келген футболчулар менен беттешет. Бишкекте Чакырык кубогунун “С” тобунда жеңип чыккан өлкөнүн командасы 30-июлдан 10- августка чейин Индиянын Хайдарабад шаарында өтө турган финалдык таймашууга катышууга укук алат. Ал эми ушул Чакырык кубогун быйыл жана 2010- жылы уткан өлкөнүн футболчулары 2011- жылы Катарда өтө турган Азия кубогуна катышууга жолдомо алышат. (ZKo)