Аны курууга өкмөт 50 миллион сом эсебинде акчалай каражат бөлгөн. Жаңыдан тургузулган казармада жоокерлер үчүн баардык шарттар каралган. Имараттын ачылыш аземине катышкан өлкө башчысы Курманбек Бакиев жоокерлерди бүгүн патриоттуулукка үндөп өттү. Президент куттуктоо сөзүндө акыркы 15 жыл ичинде өлкөнүн аскердик техникалары сатылып кеткенине токтолуп, эми анын баарын калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи. (EK)