Бул тууралуу “Перемена” коомдук корунун жетекчиси Алмаз Тажыбай билдирди. Анын айтымында, долбоор бир жылга негизделип, ага миңдей жаштык өкүлү катышаары күтүлүүдө. Буга чейин бул пикир айтыш программасынын алкагында жаштар өздөрүнүн чечендик жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүп келген болсо, эми алар өлкө деңгээлиндеги олуттуу көйгөйлөргө талкуу өткөрүшмөкчү. Жети обулустун 13–25 жашка чейинки чечен жаштары өлкөдөгү абалды жөн гана талкууга алышпастан, долбоор жыйынтыгында өздөрү көтөргөн маселелер боюнча сунуштарын коомчулукка жарыялашат. Турнир кийинки айда башталат. (EK)