Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

12:21 Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жыйынына БУУдагы Кыргызстандын өкүлү сунуш берди


Учурда Женевада өзөктүк куралдарды жайылтпоо Долбооруна мүчө мамлекеттердин 2010-жылы өтө турган жалпы конференциясын даярдоо комитетинин Экинчи сессиясы өтүп жатат. Кыргызстандын делегациясын Кыргызстандын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы өкүлү М. Жумалиев катышууда.
Сессияга Жумалиев уран калдыктарын сактоочу жайлардын жана радиоактивдүү заттардын экологиялык кесепеттери боюнча Борбор Азиядагы беш өлкөнүн атынан жумушчу документ тапшырды. Анда бардык мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүн, эл аралык уюмдарды уу зат калдыктарын коопсуздандырууга колдоо көрсөтүүгө чакырык бар. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. (BuS)

XS
SM
MD
LG