Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

14:32 Акыйкатчы: Түптөгү оппозицияга каршы аракеттерди жергиликтүү бийлик уюштурган


Бүгүн акыйкатчы институтунун атайын комиссиясы ушундай жыйынтык жарыялады. Акыйкатчынын орун басары Мамат Момуновдун маалымат жыйынында билдиргенине караганда, мындай тыянактын чыгышына эл ичинде жүргүзүлгөн сурамжылоо негиз берди. Тургундардын маалыматтарына таянган комиссия жергиликтүү бийлик Түпкө барган оппозицияга каршы даярдалган топту акча, жумуртка, пияз менен жабдыган деп билдирди. Акыйкатчынын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик жетекчилерине жолуга алышкан эмес. Ички иштер кызматкерлери комиссия мүчөлөрүнө кат жүзүндө кайрылуу шартын койгон.
Кыргыз-казак чегарасына жана пансионаттарга байланышкан Кыргыз өкмөтүнүн чечимдерине каршы чыккан “Ыйык ата журтту коргоо” комитети 26-апрелде Ысыккөлдө жөө жүрүш уюштурууну болжогон. Бирок, Түп шаарчасына чогулган топ оппозицияны жана анын тарапкерлерин жумуртка, пияз менен ургулап, чатак чыгарып, саясатчыларга кол көтөрүшкөн. Муну оппозиция бийликтин чагымы деп баалаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG