Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

17:08 Нарындагы жалгыз көз карандысыз радионун облуска чыгуу аракетинен майнап чыкпай келет


Мындай маалыматты Нарын шаарындагы иштеп жаткан жалгыз көз карандысыз “Нарын Алмаз” радиостанциясынын директорунун орунбасары Чынара Токтогулова 7-майда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 2003-жылдан бери аталган радионун жетекчилери Улуттук байланыш агенттигинин мурдагы жана азыркы жетекчилигине кайрылып келишүүдө. Бүгүн 7-майда аталган агенттиктин Чолпонатадагы филиалы “Алмаз Нарын” радиосунун жыштык сураган катына кезектеги “жок” деген жообун факс аркылуу жөнөткөн. Улуттук байланыш агенттигинин директорунун наамына келген бул катта “Нарын облусуна радио жыштыктар пландаштырылып жана бөлүштүрүлгөн” деп жазылган. “Жыштыкты бөлүштүрүү боюнча мыйзам барбы деп биз Бишкектеги Медиа өкүлчүлүк институтуна кат жөнөттүк”, - деп кошумчалады Токтогулова. (JI)

XS
SM
MD
LG