Бул тууралуу Улуттар Уюму билдирди. Маалыматтарга караганда Ирравиди аймагынын беш миң чарчы километр жери суу астында калды. Бороондон курман болгондордун саны жыйырма эки жарым миңден ашты. Дагы кырк бир миңден ашуун адам дайынсыз жоголгону маалымдалууда. Тирүү калгандар ачкачылыкка жана эпидемияга кабылышы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Эл аралык гуманитардык уюмдун кызматкерлери жекшембидеги борон-чапкындан жабыркаган Мьянмага жардам көрсөтүү үчүн барууга дале уруксат күтүп жатышат.