Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:08

7:00 Жарандык коом парламентти эркин куралсыз, тынч митинг жана демонстрацияларды өткөрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизбөөгө чакырууда


Буга байланыштуу билдирүүнү “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюму таратты. Анда айтылгандай бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы –Кыргызстанда коррупцияланган полициялык башкаруу системасын орнотуп, өлкөдөгү демократиялык жоболордун жок болушуна алып келет. Ошондой эле билдирүү ээлери коомчулукту, укук коргоочуларды, сот органдарын Башмыйзам кепилдик берген жарандардын тынч, куралсыз эркин чогулуу укугунун таламын талашууга чакырган.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитети “Жарандардын эркин, куралсыз, тынч митинг жана демонстрацияларды өткөрүү боюнча” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Ага ылайык эл көп жүрүүчү жолдорду жана авто жолдорду тосууга тыйуу салынып, президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш жайгашкан имараттардын жанында митинг, пикет өткөрүүгө болбойт. Долбоордун демилгечиси - “Коммунисттер” фракциясынын башчысы, депутат Искак Масалиев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG