Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

7:45 Каржы министрлигинин кызматкери Эрнст Абдразаковдун соту 14-майга жылдырылды


10 миң доллар пара алган деген айып менен камакка алынган Эрнст Абдразаковдун ишин Биринчи Май райондук соту кечээ кечке жуук карап баштаган. Бирок доогер тарап: Александр Дворцовдун сотко келбегендигине байланыштуу ишти карап жаткан судья Ирина Воронцова сот жараянын 14-майга жылдырды.
Каржы министрлигинин мамлекеттик карыз жана активдер башкармалыгынын башчысы Эрнст Абдразаков үстүбүздөгү жылдын 18-февралында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан камакка алынган. Ага “Ири өлчөмдө пара опузалаган” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айыптар тагылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG