Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:39

8:15 Дүйнөлүк Банк Кыргызстандын айыл чарбасына көмөк көрсөтүү долбоорун колдойт


ДБ директорлор кеңеши бул долбоорго 9 млн доллар бөлүүнү чечти. Бул каражат дүйнөлүк базардагы азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшүнө байланыштуу бөлүнүп, айыл жерлердеги жакырчылыкты жоюу, өлкөдөгү өндүрүштү өнүктүрүү, жайыттарды туруктуу өнүктүрүүнү жөнгө салуу багыттарына жумшалат. Кыргызстанда айыл жерлеринде жашагандарды көпчүлүгү жакырчылыктын чегинде жашашат. Ал эми айылда жашагандар өлкө элинин 51% түзөт, деп билдирет ДБ басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG