Мындай пикирин ЖК депутаты, социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда Улуттук Банк сомдун курсун түшүрүүгө жол берүүсү тийиш. Мындан доллар кымбаттап, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн продукцияларын сыртка сатууга мүмкүнчүлүк кененирээк ачылат, дейт Осмонбек Артыкбаев.(ZKo)