Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

11:09 Р.Жээнбеков: Коррупция менен күрөшкөн мамлекет кызматкердин айыбын иштеп турганда ачуусу керек


Мындай пикирин "Азаттыкка" берген интервьюсунда Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков билдирди. Саясатчынын көз карашында кызматтан кеткенден кийинки айыптоолор сөзсүз саясий өңүт алат.
Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп иш козгогон каржы полициясы Равшан Жээнбековго Эл аралык издөө жарыялаган. Саясатчы муну окуусунан ажыратуу аракети катары санайт. Ал учурда АКШдагы Массачусет технология институтунда окуп жатат.
Каржы полициясы Жээнбековго “Кайыңды-Кант” акционердик коомунун 10 пайыз акциясын сатты деген айып тагууда. Мындан мурдараак “Асыл таш” пансионатын классташына менчиктештирип, берди деп башкы прокуратура иш козгоп, бирок, ал кийинчерээк кайра жабылган.
Саясатчы март ыңкылабынан кийин Бишкек шаар мэринин милдетин аткаруучу, андан кийин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. 2006-жылкы нааразылык акцияларына катышкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG