Мындай пикирин акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн “Тынч митингдерди чогултуу тартибине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулап жатканда билдирди. Акыйкатчы бийликти тынч митингдерди, жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө жасалып жаткан тоскоолдуктарга көңүл бурууга чакырды. Оппозициялык кыймылдын 26-апрелде Ысыккөлдө жөө жүрүш уюштуруу аракетинин үзгүлтүккө учуроо себептерин иликтеген акыйкатчы институтунун атайын комиссиясы бир күн мурда өз тыянагын жарыялаган. Анда жөө жүрүш жасоого тоскоолдуктар жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган деп айтылат. (BuS)