Бүгүн Медиа өкүл институту президентке кайрылуу жолдойт. Анда Жогорку Кеңеш кабыл алган “Теле жана радио берүү жөнүндө” мыйзамын кемчиликтерин толтуруу үчүн артка кайтаруу керектиги, анткени бул мыйзам өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын кыйла оорлотуп жибериши мүмкүн экендиги айтылат. Кайрылууга учурда бир катар медиа уюмдары жана журналисттик коомчулук кол коюп жатат. Бул тууралуу Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбеков “Азаттыкка” билдирди. (IJz)