Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

13:56 Бишкекте АКШнын “Манас” аба базасын колдогон пикет өтөт


Бишкектин Горький атындагы сейил багында 10-май күнү АКШнын Кыргызстандагы “Манас” аба базасын колдогон пикет өтмөкчү. Бул акцияны “Атамекен Америка менен бирге” коомдук бирикмеси уюштурмакчы. Аты аталган коомдук бирикменин төрагасы Мадалбек Көчөрбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, акцияга элүүдөй адам катышары болжолдонууда, ал эми пикет өткөрүүгө 2-майда эле Бишкек шаар жетекчилигинен уруксат алынган. “Биз өлкөбүздүн патриоту катары “Манас” аба базасынын пайдасынан зыяны жок деп айтып атабыз. Бизди эч ким каржылабай эле, өзүбүз чыгып атканыбызды айтып коюшум керек”,- дейт М.Көчөрбаев. (IJz)

XS
SM
MD
LG