Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

14:40 Ишенбай Кадырбековдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна кайрылышты


Адвокаттар шаардык соттун коллегиясынан Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну сурап жатат. Ленин райондук соту Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековду дагы бир айга камакта кармоо чечимин 6-майда чыгарган. Адвокаттар райсот Кадырбековго баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз берген себептерди эске алган жок деп жатышат. Райондук сотко кармалган адамдын ден соолугуна байланыштуу кардиологиялык институттан справка, Жогорку Кеңештин депутаттар тобунан кепилдик тууралуу кат жана Нарын облусунан 700 кишинин кайрылуусу эске алынган эмес.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы министр Ишенбай Кадырбеков 25-апрелде кызматынан кыянат пайдаланды деп, каржы полициясы тарабынан камакка алынган. (BuS)

XS
SM
MD
LG