Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

14:58 Кытай депутаттары Бишкекке келатышат


Жогорку Кеңештин маалыматына караганда, Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл Кытай жыйынынын туруктуу комитетинин төрага орун басары Хан Цидэ жетектеген делегация 19-майда эки күндүк сапар менен Кыргызстанга келет. Жолугушууда тараптар ШКУнун парламенттер аралык ассамблеясын түзүү жана анын баш кеңсесин Чолпонатада жайгаштыруу маселесин талкуулашат. Талкуу эки тараптуу кызматташтыктын чегинде, Кыргызстандын демилгесине ылайык жүрөт. Кытай депутаттарын президент Курманбек Бакиев кабыл алары да болжолдонууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG