Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

16:53 Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы болбойт


Премьер-министр Игорь Чудинов бүгүн Жайыл районунун 80 жылдык мааракесинде сүйлөгөн сөзүндө ушинтип билдирип, аны алдын алууга өкмөттүн кубаты жетерин белгиледи. Бүгүн ошондой эле премьер-министр аз камсыздалган бүлөлөргө унду арзан сатуу боюнча буйрук чыгарды.
Бул азык-түлүктүн кымбаттап кеткендиги менен түшүндүрүлгөн. Аз камсыздалган бүлөлөргө арзан баадагы ун өкмөттүн 2007-жылдын 9-октябрында чыккан буйругунун негизинде тартылган ундун эсебинен берилет. Өкмөт кошумча жардамга муктаж адамдардын саны 291 миң чамалаш экендигин мурда белгилеген. Кыргызстанда дан эгиндери аз айдалды деп эсептеген адистер быйыл дан азыктарынын баасы эки эсеге жакын өсөрүн болжошууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG