Казакстандын бийлиги Кыргызстандан картошканы беш бажы постунан гана өткөрүүгө уруксат берди. Картошка Кеген, “Бибиайша”, “Сыпатай баатыр” жана Курдай бажы түйүндөрүндө ачылган атайын карантиндик көзөмөл түйүндөрү аркылуу текшерүүдөн өтүп, андан кийин гана Казакстандын базарларына жиберилет. Казак тарап картошкадан жылтырак курт –нематода табылган учурда жүк кайра кайтарылат жана киргизилип жаткан картошка үрөн катары эмес, тамак-аш үчүн гана пайдаланышы керек, деп эскертүүдө. Өткөн айдын ортосунан тартып Казакстан Кыргызстандан кирип жаткан картошкада зыяндуу жылтырак курт –нематода бар деген себеп менен аны алып кирүүгө тыюу салган. Кыргызстандын айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин кабарлаганы боюнча импортко келген жана экспортко кетип жаткан азык-түлүктүн баары Кыргызстанда да карантиндик инспекция аркылуу текшерүүдөн өткөрүлөт.(ZKo)