Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

Т.АКУН: БИЗ МИТИНГ ӨТКӨРҮҮ УКУГУ ҮЧҮН 15 ЖЫЛ КҮРӨШКӨНБҮЗ


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Кыргызстандагы адам укуктарын сактоо, тынч жыйналуу укуктарын чектөө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/05/D449E622-A083-4C07-9E4A-00FC5F75B1E1.asp аракеттери тууралуу “Азаттык” үналгысына акыйкатчы Турсунбек Акун маек куруп берди.

-Турсунбек мырза, Кыргызстанда адам укугун коргоочу уюмдар жана активисттер өлкө демократиялык жетишкендиктерден артка кетип жатат деп айыптап жатышат. Мына ушундай шартта өлкөнүн башкы укук коргоочусуна адам укуктарын камсыздоо жеңил болбосо керек?

-Эми оор болуп жатат. Биздин бийлик дагы Түптөгү аракеттери боюнча, Кадырбековго дарыланууга жол бербей койгондугуна байланыштуу ушундай аракеттер боюнча артка кеткен жактары бар. Анан кээ бир мыйзам долбоорлорун иштеп чыгабыз деп аракеттерди көрүп жатып, ушундай жактары бар, бирок экинчи жакшы жагы бар. Мына жакында 5-Майда, Конституция күнүндө өткөн жыйналышта президент чыгып сүйлөп, адам укугун коргоочулардын аракеттерине, чындыкты чыркырап айтканына жогору баа берди. Ошон үчүн ушул жагын ойлоп, кайра демденип каласың.

-Митингдерди тартипке салууну каалаган экинчи жак мындай чара көрбөсөк мамлекеттүүлүктү жоготуп алабыз деген жүйөөлөрүн айтып жатат. Ошол эле убакытта чектөөлөрдү киргизип, эркиндиктердин кысымга алынып жатканын укук коргоочулар чыркырап айтып жатат. Орустар айткандай “золотая середина” кандай болуш керек?

-Мыйзам долбоорлордун авторлорунун, адилет министринин аракеттерин мен ойлойм бул бир жактуулук деп эсептейм. Бөрк ал десе, баш алган аракет деп эсептейм. Кечээ дагы мен Медиа форумда өткөн жыйында ушул боюнча айттым. Алардын аракеттери, ойлору жакшы, бирок алардын ойлорунун түбү туура эмес деп ойлойм.

Азыр пикет, митингден корко турган учур эмес. Мэриянын токтому туура эмес экенин айтып жатабыз. Биз 10-15 жыл бою күрөшүп жатып, пикет-митингдин жөө жүрүштөрдүн ээн-эркин болушуна жетишкен элек. Бүт дүйнө коомчулугу Кыргызстанды адам укугун сыйлаган, тынч митингдерди өткөрүүгө уруксат берген өлкө катары тааныйт. Бизде жана КМШ мамлекеттеринин ичинен былтыр Украина “таңкалычтуу кулк мүнөз” деген баага татыды. Алдын ала айтып коюп эле тынч чогулуштарды өткөрө беребиз. Бул өтө чоң жетишкендик.

Биз өмүрүбүздү сарп кылганбыз, кара чачыбыз ак болгон, камалганбыз, соттолгонбуз, мына ушинтип көп жылдан кийин ушуга жеттик. Анан ушуну кайра артка тартып, кайдагы бир мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып жатышат.

Буга чейин Өмүрбек Текебаев тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору бар. Ошонун 5-6-беренесин тууралап коюш керек, андан башка бардыгы жакшы. Анын үстүнө бул мына Конституциялык соттун чечими. Конституциялык соттун чечими акыркы жана эч кандай талкулоого же талашып тартышууга жатпайт да. Анан эми кандайдыр бир мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун зарылчылыгы жок.

Укук коргоочулардын айтканы туура, бирок ошондой эркиндиктен, ошондой мыйзамдын берген укугунан пайдаланып эл дагы чыгып алып эле, революциядан кийин жер басып алып, Акүйдү басып алууга аракет кылган. Эл дагы тартиптүү болуш керек. Жалгыз гана бийлик жоопкерчиликтүү болбош керек. Уруксат берди деп эле бардык жерде пикет-митинг уюштура берүү дагы жакшы эмес.

-Сиз Түптөгү окуяны иликтеп жаттыңыз эле. Анын жыйынтыгы чыктыбы? Кандай териштирдиңиз?

-Эми анын жыйынтыгы боюнча айтсам, менин орун басарым барып иликтеп келди. Бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү барып иликтеп келишти. Мурдагы күнү маалымат жыйынын өткөрүштү. Ошондо адам укугунун тебеленген фактылар боюнча далидерди көрсөтүштү, тасмаларды көрсөтүштү. Ал жерде чындыгында эле адам укуктары одоно бузулган жактары болгон. Адамдарга кол салган учурлар болгон. Мындайга барбаш керек эле.

Каркыра туура кеттиби, туура эмес кеттиби – аны эми тарых өзү далилдеп алсын. Бирок ошол эл үчүн, жер үчүн чыккан адамдарды кармап, сабап, коркутуп, жумуртка менен уруп, элди провокация кылган жергиликтүү бийлик президентке “медвежье услуга” көрсөттү. Муну президент “жаса” деп айткан жок. Ошол жердин акимдери, губернаторлору Акүйгө жагынайын деп ушундай иштерге барып жатат. Бул жакшы эмес.

-Бул окуяны сиз президентке жеткиресиз да.

-Мен май айынын ичинде президент менен акыйкатчы катары жолугушуум болот. Акыркы 2 ай ичинде жасаган кыскартуулар боюнча, көп эл аралык уюмдар менен жолуктук, көп пландар бар. Мына адам укуктарынын 60 жылдыга карата президент указ даярдап жатат. Алишер Сабиров экөөбүздүн сунушубуз боюнча указ даярдалып жатат. Жакында президент кабыл алат. Ошондо ушул боюнча бардыгын айтам.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG