Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

10:58 Бишкекте АКШнын “Манас” аба базасын колдогон пикет өтүп жатат


“Атамекен Америка менен бирге” коомдук бирикмеси бүгүн Горький атындагы сейил багында “Манас” аба базасын колдогон пикет уюштурду. Митингге Бишкектеги Адам укугун коргоо демократиялык коомунун мүчөлөрү тилектештигин билдирип келишти. “Таза коом” партиясынын теңтөрагасы Табылды Акеров дагы партиянын атынан митингди колдоп келди. Кабарчыбыз Кабыл Макештин маалыматына ылайык, митингге 20га жакын адам чыкты. Алар колдоруна “Гансиден колуңду тарт!”, “Россия, торпедоңду Ысыккөлдө эмес, Байкалда сына”, “Америка - Кыргызстандын чыныгы досу”, “Ганси Кыргызстан экономикасына пайда гана алып келүүдө”, “Россия, аскер полигондоруң үчүн ижара акы төлө” деген жазуулары бар транспаранттарды кармап алып, Орусияга карата нааразычылыктарын билдирип турушат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG