Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:52

15:37 12-майда Анжиян коогалаңына арналган тегерек үстөл өтөт


Анжиян окуяларында набыт болгондордун элесине арналган тегерек үстөлдү “Кылым шамы” бейөкмөт уюму уюштурууда. Анда бул окуянын Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу доклад окулат. Мындан сырткары Анжиянда, Аксыда, Түптөгү окуяларга байланыштуу видеотасмалар көрсөтүлөт. Тегерек үстөлдөгү талкууга акыйкатчы Турсунбек Акун, укук коргоочулар жана жаштар кыймылынын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун долбоорлор боюнча асисстенти Зина Абдырасулова билдирди. (ZMa)

XS
SM
MD
LG