Кечээ Ливандын борбору Бейрутта шийилердин "Хезболла" тобу коалициялык өкмөттү колдогон күчтөр менен үч күндүк кагылыштан кийин шаардын батышын толук ээлеп алган. Кагылышуулардан кеминде 18 адам набыт болгону кабарланууда. Анын уюштуруучуларына каршы чара көрүү боюнча Ак үй менен Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши талкуу өткөрүүдө. Ливандын өкмөтү “Хезболла” кыймылынын аракеттерин “аскердик төңкөрүш” деп мүнөздөдү.