Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Мянманын бийлиги референдум өткөрүүдө


Катуу бороондон запкы жеген Мянмада бийлик жаңы конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүдө. Буга чейин эл аралык коомчулук Мянманын аскер бийлигин референдумду кийинкиге жылдыра туруп, бороондон жабыр тарткандарга жардам берүүгө үндөгөн эле. Жалпы элдик добуш берүү “Наргиз” циклону катуу жайпап кеткен жерлерден сырткары бардык аймактарда өтүп жатат. Өткөн жекшембиде Мянмадагы катуу бороон-чапкын он миңдеген адамдардын өмүрүн кыйды. Мянманын аскер хунтасынын кризистен чыгып кетүү үчүн болгон иш-аракеттери эл аралык коомчулуктун купулуна толгон жок. Мянманын өкмөтү жардам алууга макулдугун бергени менен, эл аралык уюмдардын кызматкерлерин өлкөгө киргизбей жатат. Бириккен Улуттар уюму маалымдагандай, өлкөдө эки миллионго чукул адам тамакка, таза сууга жана дары-дармекке зарыгып турган кез.

XS
SM
MD
LG