Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

10:12 Сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн Улуттук Банкы жылына 100 млн доллардан ашуун каражат жумшайт


Бул тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Анын айтымында, 2005-жылдын башында эле Кыргызстандын тышкы карызы 1 млрд 860 млн доллар болчу. “Быйыл апрель айында каржы министри менен Улуттук Банк тышкы карыз 2 млрд 350 млн болду деп элге жарыялашты. Башкача айтканда, үч жылдын ичинде 450 млн доллар карыз алганбыз”, - деди Б.Мамбетов. Анын белгилешинче ушул акчанын бардыгы сомдун курсун туруктуу кармап туруу жана экспорттук-импорттук төлөм балансын сактап туруу үчүн сарпталып жатат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG