Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Бирма өкмөтү уюмдун кызматкерлерине гуманитардык жардамды таратууга уруксат берди


Бул тууралуу “Дүйнө дарыгерлери” деген франциялык уюм билдирди. Бирманын бийликтери гуманитардык жүктү өтө жай таратып, эларалык уюмдарга жардамды жеткирүүгө уруксат бербей жатат деген сынга кабылган эле. Буга чейин гуманитардык уюмдар циклондон жабыркагандарга чукул жардам берилбесе, дагы миңдеген адамдын өмүрү кыйылат деп эскертишкен эле. Эларалык куткаруу комитетинин өкүлү Грег Бек доктурлар, башка адистер өзгөчө жапа чеккен аймактарга тез арада барышпаса, ири трагедияга күбө болобуз деп билдирди. Айрым божомолдорго караганда, өткөн жумада болгон табигый кырсыктан өлгөндөрдүн саны 1 жарым миллионго жетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG