Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Каирде өткөн жыйында кабыл алган билдирүүдө саясий максат үчүн аскер күчүн колдонуу туура эместиги айтылган. Алар Ливан бийлиги менен оппозициялык «Хезболланын» ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылышат. Араб өлкөлөрүнүн лигасы бул үчүн Ливанга өкүл жиберүүнү чечишти. «Хезболла» кечээ куралчан адамдарын Бейруттан чыгарып кеткен, уюмдун телеканалы «Хезболла» жетектеген оппозициялык күчтөр Ливандын баш калаасынан чегинишип, бирок граждандык баш ийбөө кампаниясы алардын талаптары аткарылмайынча улана берерин кабарлаган.