Бүгүн Акыйкатчы Турсунбек Акун укук коргоо жаатында иш алып барган жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп, Акыйкатчы институтунун алдында коомдук кеңеш түзүү боюнча маселени талкуулады. Талкуунун жыйынтыгында коомдук кеңешти түзүү боюнча даярдалган жобонун долбоору жыйындын катышуучулары тарабынан бир добуштан жактырылып, эми эмки жумада анын төрагасы, орун басарлары жана жалпы курамы шайланып, бекитилмекчи. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, бул коомдук кеңеш укук коргоо жаатындагы ал-абалды кыйла жакшыртып, акыйкатчы институтунун дагы да демократиялуу, эркин иштешине, ошондой эле каражаттарды үнөмдөөгө жардам берет. “Биздин орган мамлекеттик болуп саналат. Ошол себептүү мамлекеттик жогорку органдардын арасында адам укуктары бузулган учурда мен ушул коомдук кеңешке таяна алам. Мурда мамлекеттик орган болгон биздин институт үчүн андай кадамдарга баруу кыйыныраак болсо, эми коомдук кеңеш ал кенемтени толтуруп турат”,- дейт Т.Акун. Ошондой эле акыйкатчы, бул коомдук кеңеш түзүлгөн соң институтта иштеген кызматкерлердин жарымын кыскартууга мүмкүн боло турганын, анткени эч кандай акысыз иш алып бара турган коомдук кеңеш алардын ордун дагы да эффективдүү деңгээлде толуктай аларын айтты. Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова, коомдук кеңештин негизги милдети акыйкатчыга адам укуктарын коргоо жаатында жардам берүү, сунуштарды киргизүү экендигин билдирди. “Биз акыйкатчыга көңүл бура турган нерселерди көргөзүп, сунуш жасап турабыз, бирок акыркы чечим акыйкатчынын өзүндө болот”,- дейт ал. (IJz)