Бул жөнүндө ирандык гезиттер маалымдады. Эмадеддин Багхи 2007-жылдын октябрында Ирандын исламдык системасына каршы пропаганда жүргүздү жана жашырын сырды жарыялады деп бир жылга кесилген эле. Журналистттин абалы тууралуу азырынча толук маалымат жок. Ушул жылдын башында Эмадеддин Багхи ооруп калып, түрмөдөн чыгарылган. Бирок апрель айында ал кайрадан абакка жеткирилген. Өткөн айда Багхиге Британиянын эларалык журналисттик сыйлыгы ыйгарылган.
Аида Касмалиева, Прага
Аида Касмалиева, Прага