Мындай билдирүүнү Нью-Йоркто жайгашкан “Хюман Райст Уотч” уюму таратты. Укук коргоочулардын айтымында, өзбек өкмөтү 3 жыл мурун Анжиянда орун алган кандуу окуяларга катыштыгы бар деп шекшиген адамдарды кысмакка алууну улантууда. Бул кадамдар жаңы качкындарды жаратууда. Эларалык укук коргоочу уюм мындай тыянакка 2007-2008- жылдары Өзбекстанды таштап кеткен 27 качкындын көрсөтмөсүнүн негизинде келген. “Хюман Райт Уотч” адам укугун бузууларды токтотуу үчүн АКШ менен Евробиримдикти Өзбекстанга басым көрсөтүүүгө чакырды.
Өзбек бийлиги Анжиян окуясына катыштыгы бар деп шектелген адамдар боюнча куугунтуктоону улантууда