Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:18

Кытайдагы каттуу зилзаладан 900дөй мектеп окуучусу урандылардын астында калды


Ар кыл маалыматтар боюнча Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында болгон жер титирөөнүн күчү дээрлик 7.8 баллды түздү. Зилзаладан кеминде 6 адам курман болгону кабарланып, жүздөн ашууну жаракат алышты.
Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүн. Президент Ху Цзиньтао жардамдын чукул арада көрсөтүлүшүн талап кылды. Өлкөнүн премьери Уэн Жиабао жер титирөө болгон аймакка учуп кетти. Жер астындагы силкиниш Шанхайда, Бээжинде, Тайванда, Банкокто жана Ханойда да сезилди.

XS
SM
MD
LG